Коом
Кыргызстанда коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды
Элита плюс
Март 29, 2020 г.
Кыргызстанда коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды
© Элита плюс

Бүгүнкү күндө коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды. Оорулуулардын жалпы саны 84 кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык Сактоо министрлиги билдирди. Алар: Чүй облусунда – 2 учур Бишкек шаарында -4 учур Нарын шаарында – 1 учур Ош шаары– 6 учур Жалал-Абад облусу– 13 учур. Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.