Коом
Коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол колдонула баштады
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол колдонула баштады
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол колдонула баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди. Анын айтымында, коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча төртүнчү клиникалык протокол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. "Төртүнчү протоколго эл аралык тажрыйба, алдыңкы илимий иштерге негизделген дарылоо ыкмалары киргизилди. Анда көп багыттар боюнча кеңештер, дарылоо ыкмалары камтылган. Маселен, ооруканада жаткан, үй шартында болгон бейтаптарды, кошумча оорулары болгондорду, балдарды кантип дарылоо керектиги жазылган. Ошондой эле реабилитация боюнча өзүнчө бөлүм бар", - деди. Учурда дарыгерлер төртүнчү протокол боюнча окутулуп жатат жана дарылоо төртүнчү протоколго ылайык жүргүзүлө баштады.