Коом
Кыргызстанда коронавирус дагы 51 адамдан табылды
Элита плюс
Февраль 26, 2021 г.
Кыргызстанда коронавирус дагы 51 адамдан табылды
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 51 адамдан табылып, 55и айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 55 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 14 адамдан, Ош облусунда – 4, Чүй облусунда – 20, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда - 3 Баткен облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 204 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 172 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 142 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 61 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.