Кыргызстанда коронавирус дагы  164 адамдан  табылды 
Элита плюс
Апрель 01, 2021 г.
Кыргызстанда коронавирус дагы  164 адамдан  табылды 
© Элита плюс

Бүгүн, 1-апрелге карата өлкөдө дагы 164 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бир суткада Талас жана Баткен облустарында ооругандар катталган жок. Бишкек шаары – 97; Ош шаары – 4; Чүй облусу – 51; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 8; Жалал-Абад облусу – 2. Оорудан жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 538 болду. Ал эми акыркы сутка ичинде 88 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаары– 46; Ош шаары –3; Чүй облусу – 32; Ысык-Көл облусу – 3; Жалал-Абад облусу – 4. Өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 84 миң 897ни түздү. 09