Маданият
Кыргызстанда Комуз жумалыгы башталды
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Кыргызстанда Комуз жумалыгы башталды
© Элита плюс

Кыргызстанда бүгүн, 7-сентябрда Комуз жумалыгы расмий түрдө старт алды. Жумалык Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 9-сентябрь Комуз күнүнө карата жарыяланып, иш-чара 13-сентябрга чейин уланмакчы. Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт. Программада залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт. Маданият министрлиги республикадагы бардык жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышуу менен фейсбук жана инстаграмм аккаунттарга #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоого чакырат. Белгилей кетсек, “Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.