Коом
Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок
© Элита плюс

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик балдардын арасында СOVID-19дун алдын алуу жана дарылоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүдө.

Дарылоонун клиникалык протоколунун 4-версиясына балдарда СOVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооругандан кийин өрчүп кеткен мультисистемалык сезгенүү синдромун (Кавасаки) аныктоо боюнча суроолор жана диагнозун коюу критерийлери киргизилген.

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институтунун жана Түштүк филиалынын базасында онлайн тартипте СOVID-19га чалдыккан жана оорусу өрчүп кеткен балдарды дарылоо боюнча окутуулар жүрүүдө.

Оорусунун профили жана абалынын оордугу боюнча балдар Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланууда, ал 579 орунга ылайыкталган, анын ичинде 253 койка педиатриялык профилде. Бир жылдын ичинде борбор 178 миңден ашык балага кеп-кеңешин берип, 19 миңден ашык бала стационардык түрдө дарыланат.

Тоголок Молдо, 1 дареги боюнча корпусунун базасында COVID-19га шектүү болгон балдар үчүн кошумча бөлүм ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Жугуштуу оорулар ооруканасында инфекциялык оорулары менен келген бейтаптарды, анын ичинде балдарды жаткыруу кайра жанданды, койкалардын жалпы саны – 400. 100 койкага ылайыкталган жаңы корпус курулууда, анын ичинен 30 койка – реанимациялык, жугуштуу оорулар көбөйгөн учурда, ошондой эле COVID-19 менен келген балдар үчүн кошумча орундар ачылат.

Шаардык тез жардам балдар ооруканасы бүгүнкү күндө соматикалык жана хирургиялык профилдеги балдарды кабыл алууда, КРВИ көбөйгөн мезгилде кошумча 200 койка ачуу пландалууда.

COVID-19 менен ооруган балдар үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, облустук жана аймактык ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жаңы салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканаларында кошумча орундар каралган.