Коом
Кыргызстанда иш издегендердин саны 97,4 миң кишини түзгөн
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Кыргызстанда иш издегендердин саны 97,4 миң кишини түзгөн
© Элита плюс

2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда иш издегендердин саны 97,4 миң кишини түзгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди. "Быйылкы жылдын 1-апрелине карата 97,4 миң киши жумуш издеген. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына карата 2,1 пайызга аз", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми жөн гана жумушсуз катары 78 миң кыргызстандык каттоого алынган. Алардын жарымынан көбүн, тагыраагы, 52,3 пайызын эркектер түзөт. Баса белгилеп айтчу жагдай, жумуш издегендер мындан ары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жаңыдан ишке киргизгени жаткан сайтты колдонсо болот. Порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.