Коом
Кыргызстанда дагы 81 адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Сентябрь 20, 2020 г.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус дагы 81 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында коронавирус 10 кишиден, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда - 8, Талас облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда 19 адамдан табылган.
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 416га жетти.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 416ны түзөт. Алардын ичинен 41 миң 578 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.