Коом
Кыргызстанда дагы 569 адам вирус жуктуруп алды
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 569 адам вирус жуктуруп алды
© Элита плюс

Кыргызстанда 5-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 569 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 38 миң 110 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 190
  • Ош – 84
  • Чүй облусу – 45
  • Ош облусу - 64
  • Талас облусу – 43
  • Нарын облусу – 13
  • Ысык-Көл облусу – 41
  • Жалал-Абад облусу – 47
  • Баткен облусу - 42