Коом
Кыргызстанда дагы 55 жарандан вирус аныкталды
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 55 жарандан вирус аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 55 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте 8, Ошто бир, Чүй облусунда бир, Ош облусунда 7, Талас облусунда 5, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 25 адам илдетке кабылды. Белгилей кетсек, 21-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 55 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 471ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 682 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.