Коом
Кыргызстанда дагы 47 адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 47 адамдан вирус чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда 14-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 47 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 19 - коронавирус, 28 - пневмония. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 928 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 8
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 2
  • Ош облусу - 2
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 14