Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус табылып, 5 бейтап каза болду
Элита плюс
Февраль 08, 2021 г.
Кыргызстанда  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, 5 бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 32, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2, Талас облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 79 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 33 , Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 3, Жалал - Абад облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 14 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 431 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 3, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 572 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 113 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 714 киши айыгып чыкса, 1 миң 431 адам каза болду.