Коом
Кыргызстанда дагы 158 адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Сентябрь 26, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 158 адамдан вирус чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда 26-сентябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 158 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 90 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 22
  • Ош - 9
  • Чүй облусу – 12
  • Ош облусу - 22
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 34
  • Баткен облусу - 43