Коом
Кыргызстанда дагы 12 медиктен коронавирус аныкталды
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 12 медиктен коронавирус аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда дагы 12 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында бир, Баткен облусунда эки, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда жети, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3449 учур катталды, алардын ичинен 3096 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 13-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 343 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 871ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 712 киши айыгып чыкты, 1 миң 92 адам каза болду.