Коом
Кыргызстанда дагы 108 адамдан илдет аныкталды
Элита плюс
Август 30, 2020 г.
Кыргызстанда дагы 108 адамдан илдет аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда 30-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 108 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 820 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 17
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу – 12
  • Талас облусу - 6
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 33
  • Баткен облусу - 16