Коом
Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү көбөйдү
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү көбөйдү
© Элита плюс

Быйыл январь-август айларында өлкөдө сүт өндүрүү 1 млн 135,3 миң тоннаны түздү. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,6 миң тоннага же 2,4% га көп. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республиканын бардык аймактарында сүт өндүрүү көбөйтүлгөн. Сүт өндүрүүнүн эң жогорку өсүү темпи Нарын облусунун чарбаларында, Жалал-Абад, Ысык-Көлдө жана Чүй облусунда байкалган. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын санынын 22,6 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу болгон.