Коом
Кыргызстанда бүгүн 162 адамдан COVID-19 табылды
Элита плюс
Апрель 02, 2021 г.
Кыргызстанда бүгүн 162 адамдан COVID-19 табылды
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылды. Бул тууралуу тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, Бишкекте – 112, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 39, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Баткен облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 82 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 45, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусу – 2, Баткен облусунда – 2 адам айыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 564 бейтап, амбулатордук түрдө 704 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 251 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 199 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 700 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 979 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.