Коом
Кыргызстанда 61 жаштагы бейтап короновирустан каза болду
Элита плюс
Апрель 03, 2020 г.
Кыргызстанда 61 жаштагы бейтап короновирустан каза болду
© Элита плюс

2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлиги билдирет.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.