Коом
Кыргызстанда 265 чакырым жолго асфальт төшөлөт
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Кыргызстанда 265 чакырым жолго асфальт төшөлөт
© Элита плюс

Быйыл Кыргызстанда 265 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу онлайн брифингде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

«Жалпы булактардан 2020-жылдын аягына чейин 265 чакырым жол асфальтталат. Анын ичинен райондук борборлордо 3 чакырымдан жолду асфальттоо иштери аткарылып жатат. Жыл аягына чейин райондук борборлордо жалпы 152 чакырым жол асфальтталат. Ал иштерге республикалык бюджеттен 750 млн сом бөлүнүп берилди», — деди ал.