Коом
Кыргызстанда 18-сентябрга карата коронавирус 91 адамдан аныкталды
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Кыргызстанда 18-сентябрга карата коронавирус 91 адамдан аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда 18-сентябрга карата коронавирус 91адамдан аныкталды. Анын ичинен 37си коронавируска, 54ү пневмонияга кабылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Маалыматына караганда, бир күндө 98 адам вирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда Кыргызстанда коронавирустан, пневмонияны эсепке алганда оорукунадан сакайып чыккандардын жалпы саны 41 миң 415, ал эми жугуштуу тумоону жуктургандарган саны 45 миң 244 адамга жетти.