Коом
Кыргызстан жыл башынан бери 22 миллиард 432 миллион сом карызынан кутулду
Элита плюс
Ноябрь 17, 2020 г.
Кыргызстан жыл башынан бери 22 миллиард 432 миллион сом карызынан кутулду
© Элита плюс

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстан 22 миллиард 432 миллион сом карызынан кутулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.

Алгач бул чыгымдардын суммасы 28,8 миллиард сом деп пландалган, бирок доллардын курсу өсүп жана башка төлөмдөр кошулганда 32,8 миллиард сомго чейин чыгып кеткен.

Он айдын аралыгында карыздар төмөндөгүдөй төлөндү:

Тышкы карыз — 9 миллиард 991,4 миллион сом;

Ички карыз — 12 миллиард 440,6 миллион сом.

Сентябрдын аягындагы маалымат боюнча, мамлекеттик карыздын суммасы 4,8 миллиард долларды түздү.

Кыргыз бийлиги кредит берген тараптар менен төлөө мөөнөтүн бир нече жылга чейин жылдырып туруу боюнча сүйлөшүп жатат. Анын арасында Кытай дагы бар. Жакында эле Финансы министрлиги 16-июнда Париж клубу менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлганын билдирди. Ага ылайык, клубдун мүчөлөрү 2020-жылдын май айынан декабрына чейин төлөм аткарууну (10,9 миллион доллар) токтото турат.

Париж клубу — кредит берүүчү болуп эсептелген өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык бейрасмий уюму. Анын милдети өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кредиттик милдеттерин аткара албай калган учурда жардам катары насыя шарттарын жеңилдетип берүү.