Коом
Кыргызстан Өзбекстан менен аба каттамдар жанданды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Кыргызстан Өзбекстан менен аба каттамдар жанданды
© Элита плюс

Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация бийликтеринин келишимине ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдар жанданды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен билдиришти. Билдирүүдө айтылгандай, "Узбекистонхавоюллари" авиакомпаниясынын учагы 14-сентябрдан тарта Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы боюнча дүйшөмбү күндөрү абага көтөрүлөт.