Коом
Кыргызстан-Түркия авиа каттамдары уланууда
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Кыргызстан-Түркия авиа каттамдары уланууда
© Элита плюс

Сентябрь айынан тарта Кыргызстандан Түркияга жумасына сегизге чейин авиа каттамдар аткарылды. Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинен билдиришти. Эки өлкөнүн авиация тармактарынын жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, эл аралык туруктуу каттамдар 10-августан баштап жандандып, жумасына 6 каттам жүргүзүү мерчемделген. Сентябрдан тарта “Түрк аба жолдору” менен “Pegasus” авиакомпаниялары аба каттамын эки эсе көбөйттү. Тагыраагы, Түрк аба жолдору - жумасына 4, Pegasus авиакомпаниясы - жумасына 4 каттам аткарууда.