Саясат
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
Элита плюс
Октябрь 15, 2020 г.
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
© Элита плюс

КР премьер-министри Садыр Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктаган.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирген.

Садыр Жапаров өз кезегинде жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, боордош эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.