Коом
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
Элита плюс
Февраль 22, 2023 г.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
© Элита плюс
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
© Элита плюс
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
© Элита плюс
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
© Элита плюс
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
© Элита плюс

Өзбекстандын маданият жана туризм министринин орун басары Баходир Ахмедов 21-февралда Ош шаарына иш сапары менен келди. Аны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тосуп алды.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-сапардын жүрүшүндө жетекчилер Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реконструкциялоо иштери менен таанышып, андан соң эки тараптуу жолугушуу менен уланды.

Жолугушуу учурунда Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү маданият экендигин баса белгилеп, Кыргызстан Өзбекстан менен маданий кызматташтыкты бекемдөөгө, кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдады.

“Биздин негизги максат эки элдин ынтымагын бекемдөө, маданиятын жайылтуу болуп саналат. Өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу абдан маанилүү. Ал үчүн эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдөө – биздин мүдөө жана максат. Бул үчүн Кыргызстандын көп тармактуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ар убакта даяр жана кызыкдарбыз”, - деп билдирди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Ал эми Өзбекстандын маданият министринин орун басары Баходир Ахмедов бул иштер эки өлкөнүн ортосундагы биримдиктин жана достуктун көрсөткүчү экендигин ырастап, төмөнкүлөргө токтолду.

“Эзелтен кыргыз жана өзбек эли бир багытта иш алып барган, карым-катнашы жана достугу бекем. Мындан ары да эки элдин маданиятын бириктирип, өнөр талаасы кеңейүүдө. Театр колдонууга берилген соң, маданият кызматкерлерибиздин алакасын бекемдеп, маданиятыбызды эриш-аркак жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Спектаклдер сахналаштырылып, эки элдин ортосундагы ынтымак дагы да жогорку деңгээлге чыгат”, - деп билдирди Баходир Ахмедов.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн маданий мекемелеринин катышуусунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын салтанатуу ачылышына карата даярдыктар талкууланып, аны ачуу сценарийи сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, Баходир Ахмедов Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Өзбекстанда бир катар иш-чаралар өтөрүн айтып, анда салтуу музыка өнөрү, айтыш жана эстрада жанрындагы фестивалдарга Кыргызстандын өнөр адамдарын катышууга чакырды.

Тарыхы жана маданияты орток эки мамлекеттин биргелешкен маданий-агартуу иш-чараларын уюштуруп өткөрүү жакынкы арада дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмакчы.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реконструкциялоо иштери башталган. Долбоор үчүн жалпысынан 5 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Реконструкциялоо иштери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашты.

Бул жолугушууга эки тараптын тиешелүү өкүлдөрү катышты.