Саясат
Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы дагы бекемделет
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы дагы бекемделет
© Элита плюс

 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгрияга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Сийярто менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Венгрия Өкмөтүнө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышы, президент Сооронбай Жээнбековдун ушул жылы Венгрияга болчу иш сапарын уюштуруу менен кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды. Тараптар мамлекет башчынын алдыдагы иш сапарынын алкагында иштелип жаткан келишимдердин долбоорлорун жана башка документтерди карап чыгышты. Мындан тышкары министр быйыл кыргызстандык 75 студент Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыргандыгын канааттануу менен белгилеп, Венгрия тараптын квотаны 75 адамдан 150 адамга көбөйтүү чечимин баса белгиледи. Министрлер соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча ишти активдештирүүнү макулдашты. Эки тараптуу жолугушуудан кийин Кыргызстан менен Венгриянын Тышкы иштер министрлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.