Коом
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданды
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданды
© Элита плюс

21-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам штабдын чечими менен бүгүндөн баштап Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттамдар дайыма жүргүзүлө баштайт. Алгачкы этапта Бишкек - Москва - Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» тарабынан жума күнү учуп турат.