Саясат
Кыргызстан менен Кореянын айыл чарба тармагындагы кызматташтык
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Кыргызстан менен Кореянын айыл чарба тармагындагы кызматташтык
© Элита плюс

Кыргызстандын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова Кореянын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айылдарды өнүктүрүү министри Ким Хён Су менен жолугушту. КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар айыл чарба продукциялары жаатындагы сооданы көбөйтүү, адистер менен фермерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу, айыл аймактарын өнүктүрүү, акылдуу дыйканчылык, күнөскана багытындагы долбоорлорду жылдыруу, жашылча уруктарын өстүрүү үчүн жаңы технологияларды өткөрүп берүү, ошондой эле айыл чарба лабораторияларын түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.
Түштүк Кореянын айыл чарба министри Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун 2019-жылдын июль айында Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи. Элчи Кемелова Кыргызстандын Европа жана Евразия базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алып, Корея тарапка кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. Элчиликтин кыргыз балынын Корея базарындагы брендин жогорулатуу боюнча жасаган ишин белгилеп, ал Түштүк Кореяга экологиялык таза продукциянын экспортун көбөйтүүгө жардам берүүнү сурады. Тараптар Кыргызстанда Эл аралык айыл чарба программасынын борборунун ачылышына оң баа беришти, ал айыл чарба жана аймактык өнүгүү жаатында кызматташууга көмөктөшөт.