Коом
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар калыбына келет
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар калыбына келет
© Элита плюс

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар калыбына келет. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, 9-сентябрда, Москва шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Айдарбеков коронавируска каршы биргелешкен аракеттер ийгиликтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү тууралуу кеп кылып, Казакстан тарап бул жаатта оң чечим кабыл алынганын кабарлаган. Мындан сырткары, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттери иштей баштаары айтылган. Өзгөчө көңүл эл аралык жана регионалдык кызматташтыкка, анын ичинде БУУ жана ЕАЭБ алкагындагы маселелерге бурулган.