Коом
Кыргызстан Кувейт менен аба каттамдарын жандандырды
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин "Jazeera Airways" авиакомпаниясы "Бишкек - Эль-Кувейт" багыты боюнча каттай баштады. Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.