Коом
Кыргызстан коронавирус бат жайылып бараткан 30 өлкөнүн катарына кирди
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Кыргызстан коронавирус бат жайылып бараткан 30 өлкөнүн катарына кирди
© Элита плюс

Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму коронавирус жогорку чегине жете элек, күн сайын оорууну жуктургандардын саны өсүп бараткан 30 өлкөнү атады. Мындай маалыматты Euronews порталы жазды.

Бул тизмеге Европанын 11 өлкөсү, Борбор Азиядан – Кыргызстан менен Казакстан кирген.

ДССУ белгилегендей, илдетти жуктуруунун жаңы өсүшү, карантин режимин жеңилдеткен өлкөлөрдө катталууда.

Бери дегенде 30 өлкөдө же акыркы жумалыкта вирусту жуктуруп алуу күч алды. Буларга көзөмөлдү күчөтпөсө коомдун саламаттыгына доо келет,- дейт ДССУнун аймактар аралык директору Ханс Клуге.

Тизмеге кирген Швеция, Армения, Молдова, Түндүк Македония, Азербайджан, Албания, Босния жана Герцеговина, Украина, Косово сыяктуу мамлекеттерде күн сайын коронавирус жуктуруп алгандар 100дөн көп катталууда. Булардын көпчүлүгү вирустун толкуну артта калды деп, карантин чараларын жеңилдеткен өлкөлөрдүн жарандары.