Коом
Кыргызстан эл ассамблеясы бардык күчтөрдү мыйзам жолуна чакырды
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
Кыргызстан эл ассамблеясы бардык күчтөрдү мыйзам жолуна чакырды
© Элита плюс

Кыргызстан эл ассамблеясын 6-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Ассамблея 4-октябрдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнү үчүн элдин нааразылыгы күч алганын белгилеп, жаңы акыйкат жана адилет шайлоо өткөрүү талабын колдоорун билдирген.

"Бийлик органдарын легитимдештирүү жана коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо үчүн биздин көп улуттуу элибиз өлкөбүздүн эртерээк мыйзам жолуна түшүүсү зарыл" деп жазылган кайрылууда.

Ушундай эле маанидеги кайрылууну Мусулмандар дин башкармалыгы да таратты. Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов мусулмандарды чагымга алдырбоого чакырды:

"Бүгүнкү күнү биздин көп улуттуу элибизди түрдүү жактан чагым уюштуруп, жиктеп, бөлүп салуу аракети болушу мүмкүн. Ар бирибиз мамлекетибиздин келечеги үчүн жооптуубуз. Саясий күчтөр кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеши керек. Элдин коопсуздугу сакталуусу тийиш".

Кадыр Маликов саясий партиялардын өкүлдөрүнө да кайрылып, катарындагы чагымчылдарды тазалоону өтүндү.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган. Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы проезидент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон. Тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады. (ZKo)

Булак: Азаттык