Кыргызстан чек арадагы кооганын чыгымдарын эсептей баштады
Элита плюс
Май 03, 2021 г.
Кыргызстан чек арадагы кооганын чыгымдарын эсептей баштады
© Элита плюс

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин комиссиясы Баткен жана Лейлек райондорунда чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады. Мекеменин маалымат кызматы окуя болгон аймактардан болгон материалдар чогултуларын, ошонун негизинде жабыркагандарга, үй-жайынан ажырыгандарга жардам берилерин билдирди.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Душанбе жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү  макулдашкан. 

Булак: Азаттык