Коом
Кыргызстан БАЭ менен аба каттамын жандандырды
Элита плюс
Август 10, 2020 г.
Кыргызстан БАЭ менен аба каттамын жандандырды
© Элита плюс

Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

"4 мамлекеттин авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиакомпаниялары менен туруктуу аба каттамдарын жандандаруу боюнча макулдашууга келдик", - деди ал.

Жанданган аба каттамдары:

-"АвиаТраффик Компани" аваикомпаниясы: "Бишкек-Стамбул-Бишкек" багыты боюнча жумасына эки жолу. "Бишкек-Анталья-Бишкек" багыты боюнча жумасына бир жолу;

- "Түрк аба жолдору" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;

- "Пегасус Эйрлайнс" аваикомпаниясы: "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча жумасына эки жолу;

- "Флай Дубай" аваикомпаниясы: "Дубай-Бишкек-Дубай" багыты боюнча жумасына бир жолу;

- "Эйр Арабия" аваикомпаниясы 15-августтан тарта: жумасына бир жолу.