Аймактар
Кыргызпатенттин кызматкерлери аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө
Элита плюс
Октябрь 06, 2021 г.
Кыргызпатенттин кызматкерлери аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө
© Элита плюс

4-6-октябрь күндөрү Кыргызпатенттин кызматкерлери Лейлек, Баткен, Кадамжай, Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, авторлор, ойлоп табуучулар, студенттер, окуучулар, чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушууларда эксперттер автордук укук жана чектеш укуктар,  өнөр жай менчигинин объектилерин укуктук коргоо, товардык белгилерди каттоо, мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу, стартап экосистемасы, инновациялар тууралуу баяндамаларды жасашты. Катышуучулар Кыргызпатенттин аймактарда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлору жөнүндө кенен маалымат алышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. 

Кыргызстанда жашаган калктын интеллектуалдык менчик системасы боюнча  маалыматтуулугун жогорулатууга максатталган маалымат компаниясы 6-октябрда Кара-Көл жана Кызыл-Кыя шаарларында, 7-12-октябрь күндөрү Ош областына караштуу райондордо  өткөрүлөт.