Коом
Кыргыз жана орус дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусу болду
Элита плюс
Август 01, 2020 г.
Кыргыз жана орус дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусу болду
© Элита плюс

Кыргыз жана орус дарыгерлери Жалал-Абад облусунда COVID-19 менен биргелешип күрөшүү тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү. Медицина кызматкерлери биргелешкен иш учурунда бир топ тажрыйба алмашуу болгонун жана өз ишин мыкты билген кыргыз дарыгерлери көп экендигин билдиришти. Аларды үйүндө үй-бүлөсү күтүп жатканын, бирок ага карабастан ушундай оор жана кооптуу кырдаалда кыргыз кесиптештерине жардам берүүгө даяр экендигин кошумчалашты. Маалым болгондой, 22-июндан баштап Башкортостандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери Кыргызстандын аймактарына келип, кыргыз дарыгерлери менен биргеликте иштеп жатышат.