Президент
Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү активдештирилет
Элита плюс
Февраль 14, 2023 г.
Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү активдештирилет
© Элита плюс

Уставдык капиталы 16 млн. доллар болгон Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү активдештирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушкан учурда макулдашылгандыгын өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар макулдашууларга жетишилди.

Анын ичинде, Бишкек-Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачууну тездетүү маселеси бар. "Бул биздин жарандардын Европага түз чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет. Аталган каттамды бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, студенттер дагы жигердүү пайдаланат деген ишеним бар", - деди Султанбаев.

Экинчиси, кыргыз жарандарын Венгрияда ишке орноштурууну акырындык менен 5-7 миңге чейин жеткирүү жагы макулдашылды.

Үчүнчүсү, кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн бюджеттик квота 200 орун деп дагы бир ирет тастыкталды.

Ошондой эле кыргыз-венгр өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү боюнча макулдашуу жетишилди. Бүгүнкү күндө бул фонддун уставдык капиталы 16 млн доллар. Келечекте уставдык капиталдын суммасы дагы жогорулайт.

Султанбаев бүгүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр улана тургандыгын айтып, Садыр Жапаровдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу болорун кошумчалады.