Маданият
“Кыргыз Туусуна” 95 жыл “Кыргыз Туусу” мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп калды
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
“Кыргыз Туусуна” 95 жыл “Кыргыз Туусу” мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп калды
© Элита плюс
“Кыргыз Туусуна” 95 жыл “Кыргыз Туусу” мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп калды
© Элита плюс

Өткөн кылымдын 20-жылдары кыргыздын тагдырын тактаган, эртеңкибизди өкчөгөн, келечегибизди чечкен тарыхый окуяларга бай болгон. Ошол орчундуу окуялардын бири - азыркы «Кыргыз Туусу», андагы «Эркин Тоо» гезитинин жарыкка чыгышын айта алабыз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, азыркы эгемендүү өз алдынча өлкө болуп калышыбызга бул гезиттин да опол тоодой салымы бар. Ошол кезде деле кыргыздын өзүнчө улут экенин, тарыхы терең байыркы эл экендигин тааныгысы келбеген ички, тышкы душмандарыбыз жетишерлик болгон. Келечекти көрө билген Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков жана башка аталарыбыз тагдыр чечүүчү ошол кыйчалыш күндөрдө кыргыз үчүн тикесинен тик туруп бербегенде, бүгүн биз коңшуларыбыздын карамагында калмакпыз. Тилибиз казакташып же өзбектешип, “Манасыбыз” айтылбай, гимнибиз ырдалбай улут катары бара-бара жок болмокпуз. Таптакыр жок болбосок дагы жаныбыздагы каракалпактардын кейпин кийип, эне тилинде эки ооз сөз билбеген Сибирдеги айрым элдердин эсебине кирмектирбиз. Ошол кездеги тарыхый кырдаалды кыскача кыстара кетсем, 1922-жылы мартта жогорудагы аталарыбыз кыргыздын өзүнө таандык тоолуу облус түзүүгө аракет кылышкан. Азыркы түшүнүктөгү мамлекеттүүлүктүн эң алгачкы белгилери камтылган ал аракет жогорудагы ички, сырткы душмандардын аракети менен 3 айга жетпей Сталиндин буйругу менен жокко чыгарылган. 1924-жылы Орто Азия аймагын улуттук чек араларга бөлүштүрүү жараяны башталып, «кыргыз менен казак бир эле эл, бир эле өлкөгө биригет» дегендердин аракети күчөгөн. 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөрдүн алдында Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөнкул Бабаханов сыяктуулар биздин Казак АССРинин курамында калуубузду каалашкан жана катуу аракет кылышкан. Бактыбызга жараша, Абдыкерим Сыдыков баштаган аталарыбыздын аракети менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына кирди. 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлдү. Ал эми 1936-жылы коңшуларыбызга тең ата болгон Кыргыз ССРи түптөлгөн. 55 жылдан кийин СССР урап, дүйнөлүк картада суверендүү Кыргыз Республикасы пайда болуп, бүгүн биз эгемендүү, өз алдынча өлкөдө жашап жатабыз. Мамлекеттүүлүгүбүздүн эң алгачкы баскычы болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда түзүлгөн болсо, арадан бир ай убакыт өтпөй, 7-ноябрда кыргыздын улуттук тунгуч «Эркин Тоо» (“Кыргыз Туусу”) гезитинин басылып чыгышы да бекеринен болгон эмес. Биздин өзүнчө эл экенибизге шек келтиргендер, улут катары сакталып калышыбызга бөгөт болуучу жагдайлар, кооптуу учурлар дагы деле көп эле. Ошол учур улутубузду алдыга умтулткан, демине дем, күчүнө күч берген өзүнүн басма сөзүнө болгон муктаждыкты жараткан. Кыргыздын төл башы гезити өз алдынчалыгыбызга бут тоскондорго жооп болгон. Кара-Кыргыз деп аталгандын өзү да кыргызга өөн учураган көрүнүш эле. “Кара” дегениң “караңгы, жапайы” дегенди эле түшүндүргөн. Дал ушул «караны» алдырууда гезитибиздин ат көтөргүс эмгеги сиңгенин ошол кездин тарыхый хронологиясы тастыктап турат. Байма-бай жазылган макалалар, расмий кайрылуулар өз жемишин берип 1925-жылы май айында «карасы» жок эле Кыргыз автономиялуу облусу болдук. Бир жылдан кийин АССР, 10 жылдан кийин ССР, 55 жылдан кийин өзүнчө республика болгонубузду жогоруда айтып өттүм. Демек, «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезити мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп калды деп ишенимдүү айтсак болот. Басма сөз жаатында чоң чыйыр салган тарыхы бай тунгуч гезитибиз -“Кыргыз Туусунун” жалпы эмгек жамаатын алдыдагы 95 жылдык мааракебиз менен чын дилден куттуктайм! Жана бул басылманын түптөлүшүнө, андан кийинки узак жолдорду басып өтүшүнө өбөлгө болуп, эмгектенген бардык инсандарга ыраазычылык билдиргим келет. Эрнис БАЛБАКОВ
«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору