Коом
Кыргыз темир жолу ооруканасынын дерыгерлери акыркы бейтапты үйүнө узатты
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Кыргыз темир жолу ооруканасынын дерыгерлери акыркы бейтапты үйүнө узатты
© Элита плюс

ыргыз темир жолу ооруканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы бейтапты өзгөчө салтанат менен үйүнө узатты. Бул видеодон жеке коргонуу каражаттарын кийген дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып үйүнө узатып жатканын көрүүгө болот. Айыгып чыккан карыя болсо медиктерге таазим этип, батасын берди. 79 жаштагы бейтап COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония менен оор абалда 6-август күнү ооруканага келип түшкөн. 80ге таяп калган бейтап эми минтип дарыгерлердин жардамы менен ооруну жеңип, ооруканадан чыгып жатат. Кыргыз темир жолунун ооруканасы учурда кадимки тартипте иштөөгө өттү.
Оорукана мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштады.