Коом
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында чыр-чатак катталды
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында чыр-чатак катталды
© Элита плюс

6-августта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонулган чыр-чатак катталды. Баткен районунун Көк-Таш айылында белгисиз адамдар Тажикстан тараптан мергенчилик куралдан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алды. Атылган ок колун тешип өткөн жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу. Бул окуяга байланыштуу ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Учурда окуя катталган чек ара аймагында абал туруктуу.