Маданият
Кыргыз эли сыймыктуу инсан, Шабданбек Кулуевден айрылды
Элита плюс
Ноябрь 24, 2020 г.
Кыргыз эли сыймыктуу инсан, Шабданбек Кулуевден айрылды
© Элита плюс
Кыргыз эли сыймыктуу инсан, Шабданбек Кулуевден айрылды
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин автору Кулуев Шабданбек акын көз жумду.

Кулуев Шабданбек - акын. Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январь туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы. Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык «Кыргыз туусу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы.

1987-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1993-жылы «Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси берилген.

Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. «Жайыл районунун Ардактуу атуулу». 2003-жылы «Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн» пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кеменгер» төш белгисинин ээси.

1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2011-жылдан "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардактуу наамына ээ болгон.

Акындын "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары", "Мидин минткен экен", "Эл жер баяны", "Өмүр" издери "," аттуу жарыкка чыккан китептери, эл арасында азыркыга чейин окулуп келет. 

Кыргыз элинин сыймыгы Шабданбек Кулуев атабыздын жаркын элеси - биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

"ELITAPLUS.KG" сайтынын жалпы жамааты.