Коом
Кыргыз Республикасы Дубай шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда
Элита плюс
Октябрь 11, 2021 г.
Кыргыз Республикасы Дубай шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда
© Элита плюс

Дубай шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк “Экспо – 2020” көргөзмөсү 30-сентябрда башталып, ага 180ден ашуун өлкөнүн өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышууда. Көргөзмө “Акыл-эсти бириктирүү аркылуу жаркын келечек курабыз” деген ураандын астында өтүүдө. КРнын павильону 6 ай бою көчмөн жашоо үлгүсүнө негизделген кыргыз элинин маданиятын, салт-санасын тартуулаган экспозицияны сунуштамакчы. Көрүүчүлөр үчүн виртуалдык турга чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, экспозиция видео жана маалыматтык материалдарды көрсөтүү аркылуу туризмди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. Ошондой эле, стендде кургакчыл аймактарды сугат менен камсыздоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери жана алардын продукциялары сунушталат.

2021-жылдын 14-декабрында маданий жана ишкердик программалар камтылган Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өткөрүлөт. Ишкер программанын алкагында кыргыз-араб бизнес форуму, кыргыз экспорттук продукцияларынын көргөзмөсү жана туристтик форум өтөт.