Коом
Кыргыз почтасы ишин жандантты
Элита плюс
Июнь 25, 2020 г.
Кыргыз почтасы ишин жандантты
© Элита плюс

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 24 өлкө менен ишин жандантты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Салмагы эки килограммга чейинки бандероль, чакан баштык, почта карталары, кат, баалуу делген каттарды жөнөтүүгө болот. Ошондой эле атайын "М" мүшөктөрүнө салынган кагаз, китеп, журналдар кабыл алынат. Мындай мүшөктөгү жүктүн салмагы 14,5 килограммдан ашпашы керек. Эл аралык почталык алмашуулар жумасына бир жолу аткарылып турат. Буга байланыштуу аманаттар дарегине мурдагыдан кечирээк жетиши мүмкүн. Почта кызматтары Австрия, Азербайжан, Улуу Британия, Венгрия, Грузия, Италия, Кытай, Бельгия, Дания, Испания, Латвия, Литва, Нидерланды, Болгария, Молдова, Польша, Өзбекстан, Россия, Украина, Германия, Финляндия, Франция, Чехия жана Швейцария мамлекеттери менен ишин баштады. Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу почта кызматтары 18-мартта 40 мамлекет менен, 27-марттан баштап дүйнөнүн бардык багыттары боюнча ишин токтоткон.