Спорт
Кыргыз мушкери Бекболот Абдылда уулу Чеченстанда өткөн беттеште жеңилүү ызасын тартып калды
Элита плюс
Декабрь 20, 2020 г.
Кыргыз мушкери Бекболот Абдылда уулу Чеченстанда өткөн беттеште жеңилүү ызасын тартып калды
© Элита плюс

Кечээ, 19-декабрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өткөн "ACA Young Eagles" аттуу турнирде кыргыз балбаны Бекболот Абдылда уулу жергиликтүү мушкер Мансур Жамбураевге жеңилип калды.

Эки мушкер орто жеңил салмакта беттешип, анда кыргыз мушкери биринчи бөлүктөн кийин эле алган жаракатына байланыштуу беттешти андан ары уланта алган жок.

Бул көрсөткүч менен Бекболот Абдылда уулу карьерасында жалпы 24 беттеш өткөрсө, анын 14ү жеңиш алып келген, 10 жолу жеңилүү ызасын тартты. Ал эми анын орусиялык атаандашы карьерасында жалпы 10 беттеш өткөрсө анын 8инде жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.