Дүйнөдө
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимни чех тилине которулду
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимни чех тилине которулду
© Элита плюс

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимни чех тилине которулду. Бул туурасында Чехияда жашаган кыргызстандык Александр Иванов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Достор, сиздер менен кубанычтуу жаңылыгымды бөлүшкүм келип жатат. Мамлекеттик гимнибиздин 28 жылдыгына карата менин кезектеги көптөн күткөн кыялым орундалды. Анткени гимнибизди кыргыз тилинен чех тилине котордум. Бул менин алгачкы котормом. Кыргыз өлкөсүнүн гимнин эми чехиялыктар дагы түшүнөт, каалоочулар ырдаса да болот. Мен өзүмдүн жубайым Янага абдан ыраазымын, ал мага абдан көп жардам берди. Гимндин которулган варианты социалдык тармактарга, интернет сайттарга жарыяланат", - деп жазган Иванов.
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда жарык көргөн. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазса, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов чыгарган.