Коом
Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту убактылуу жабылды
Элита плюс
Декабрь 10, 2020 г.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту убактылуу жабылды
© Элита плюс

Бүгүн, 10-декабрда Кытай тараптын демилгеси менен чек арадагы "Торугарт"–"Тургат" көзөмөл-өткөрүү жайларынан автоунааларды, адамдарды жана товарларды өткөрүү токтотулду. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган пукттун жабылуусу техникалык себептен улам болду.

Чек арада каттоо эртең, 11-декабрда саат 9:00дө калыбына келип, иштеп баштаары кабарланды.