Коом
Кыргыз-кытай чек арасы жабылат
Элита плюс
Февраль 09, 2021 г.
Кыргыз-кытай чек арасы  жабылат
© Элита плюс

Кытай тараптын демилгеси менен ай жылнаамасы боюнча жаңы жылды майрамдоого байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт – унаа жолу”, “Эркечтам – унаа жолу” өткөрүү пункттары транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Торугарт – унаа жолу” өткөрүү пункту 2021-жылы 11-февралда убактылуу жабылып, 2021-жылы 15-февралда кайра калыбына келтирилет.

“Эркечтам – унаа жолу” пункту 2021-жылы 12-февралдан тартып 16-февралга чейин убактылуу жабылат.

Эске сала кетсек, “Торугарт – унаа жолу” жана “Эркечтам – унаа жолу” өткөрүү пункттары КЭРден Кыргызстанга товарларды алып өтүүгө гана уруксат берген өзгөчө алгоритм боюнча иштеп турат.