6-8-мартта Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарында экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын бардык деңгээлдеги кызматташтыкты илгерилетүү жана эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуунун натыйжалуу механизми катары маанилүүлүгүн белгилешти.

"Комиссиянын кол коюлган протоколунун алкагында инвестициялык багытта кызматташуунун бир катар багыттары аныкталган. Жыйындын негизги жетишкендиктеринин бири биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин талкуулоо болду. Жакынкы арада Кыргызстан Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды жөнөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясынын иш сапары учурунда Кувейттин инвестициялык агенттигинин башкы менеджери Ганем Аль-Генейман менен жолугушуу болуп, аларга Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү максатында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгиленгендей, 2023-жылдын экинчи жарымында Кувейт-Кыргызстан бизнес форумун өткөрүү пландаштырылууда, анын алкагында бир катар инвестициялык долбоорлор кувейттик инвесторлорго сунушталып, Кыргызстан менен Кувейттин инвестициялык агенттиктеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлат.