Коом
Кыргыз өкмөтүнүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды
Элита плюс
Июнь 27, 2020 г.
Кыргыз өкмөтүнүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды
© Элита плюс
Кыргыз өкмөтүнүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды
© Элита плюс

Коронавирус Кыргыз өкмөтүнүн 15 кызматкеринен жаңы, 11 кызматкеринен эки күн мурда аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматы 27-июнда кабарлады.

Маалыматта вирус аныкталгандардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана жардамчысы бар.

Вирус табылган кызматкерлер санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык үй карантининде дарыланып жатышат. Алар менен байланышта болгон өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министр Таалайбек Темиралиев обочолонду.

Өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлеринин көпчүлүгү обочолонгон режимде иштеп жатат.

Буга чейин президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков баштаган 17 кызматкери COVID-19 илдетине чалдыкканы кабарланган.

Ошондой эле Жогорку Кенештин төрт депутаты жана аппараттын төрт кызматкери да вируска кабылганы расмий маалымдалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 27-июндагы маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 306 кишиден аныкталып, бул март айынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Акыркы суткада ошондой эле вирус жуктурган үч киши каза болгону, бул илдетке байланыштуу көз жумгандардын жалпы саны 46га жеткени кабарланды.

Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 4513 адамга жетти, алардын 2212 кишиси сакайды.