Коом
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы 1 миллион 200 даана вакцина алууга билдирме берди
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы 1 миллион 200 даана вакцина алууга билдирме берди
© Элита плюс

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп, анда Кыргыз өлкөсү коронавируска каршы вакцина алууга билдирме жөнөткөнү айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"COVAX глобалдык демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң өлкөнүн 20 пайыздан ашуун калкы эмдөөдөн өтө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин белгиледи.

"Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек", - деди Сурабалдиева.

Мындан сырткары маалыматта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловго аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусу жана кыска мөөнөттө өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилгени айтылган.